Депутат: Дарыгерлер жеке финансылык кызыкчылыктан улам бейтаптарды атайын Индияга жөнөтүп жатышат
26 октябрь

Депутат: Дарыгерлер жеке финансылык кызыкчылыктан улам бейтаптарды атайын Индияга жөнөтүп жатышат

Органдарды трансплатациялоо операцияларын Кыргызстан өзүнө алып, ийгиликтүү иш жүрүп жатканы менен айрым дарыгерлер жеке финансылык кызыкчылыктын айынан жарандарды дагы деле чет өлкөгө жөнөтүп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Эгенбердиева билдирди.

Айтымында, бул көбүнчө жеке клиникалардын дарыгерлери тарабынан жасалат.

“Ушуну көзөмөлгө алсаңыздар, ортомчулар Кыргызстанда операциялар жакшы болбой жатат деген шылтоо менен бейтаптарды чет өлкөгө жөнөтүшөт экен. Бул биздеги иштин артка кетишин шарттайт”, - деди депутат.

Ошондой эле Индиядан боорун же бөйрөгүн алмаштырып келген бейтаптар дары каражаттарын канча көлөмдө качан ичүү керектигин так билбегендиктен, салынган орган иштебей калган учурлар катталаарын айтты.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигине трансплатациялоодон өткөн бейтаптарды каттоого алып, алар менен иштешүүнү тереңдетүүнү сунуштады.

“Индияда операциядан кийин кайсы дарыны канча өлчөмдө ичиш керектигин биздин жарандарга айтышпайт экен. Анан көбү маалыматтын жоктугунан абалын оордотуп алып жатышат. Канча деген акча, канча деген мээнет текке кетүүдө”, - деди.

Аны менен катар депутат трансплатациялоого көбүнчө вирустуу гепатит оорусу алып келэээрин белгиледи. Мындан улам ал министрликке гепатитке каршы эмдөө тууралуу элге кеңири маалымат жеткирүүнү сунуштады.