УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов тергөө абагынан чыгарылды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 22-октябрда УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазовго карата бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырган. Белгиленген бөгөт коюу чарасы 2026-жылдын 21-ноябрына чейин күчүндө болот.
Эске салсак, Курванбек Авазов 9-октябрда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан мурдагы саламаттык сактоо министри жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетov менен бирге кармалган.
10-октябрда Авазов №1 тергөө абагына киргизилген.
Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү — «Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор зыянга алып келген коррупция» боюнча айып тагылууда.
Тергөө маалыматына ылайык, кылмыш иши ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына байланыштуу.
