Базар-Коргон районундагы таштанды полигону рекультивацияланат
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
26 октябрь

Базар-Коргон районундагы таштанды полигону рекультивацияланат

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы таштанды полигону рекультивацияланат. Бул тууралуу президентттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматта жергиликтүү бийлиги таштанды полигонуна байланыштуу маселени чечүү жана экологиялык талаптарды камсыз кылуу багытында иштерди жүргүзүп жаткандыгы айтылат. 

Тактап айтканда, Кеңеш айыл аймагынын демилгеси менен таштанды полигонун жабуу маселеси айылдык кеңештин сессиясында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган. Андан соң бул маселе боюнча экология кызматына кайрылуу жасалган.

Учурда жергиликтүү бийлик таштанды полигонун рекультивациялоо боюнча долбоор даярдап жатат. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, долбоорду ишке ашырууга болжол менен 3 млн сом каражат талап кылынат.

Рекультивациялоо иштери аяктагандан кийин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы тарабынан аталган аймакты дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Андан соң экология кызматы тарабынан таштанды полигонунун коргоо зонасын кыскартуу боюнча тиешелүү корутунду берилиши күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Сайдыкум айыл аймагындагы кум-шагыл аралашмасын өндүрүүчү ишканага тиешелүү документтер толук болбогондугуна байланыштуу айып пул салынган. Учурда ишкер тарабынан керектүү келишимдер түзүлүп, 400 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

Жергиликтүү бийлик айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча тиешелүү иштерди улантууда.