Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын мүчөсү Амантур Исмаилов (72 кг чейин) Казакстанда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын кичи финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

3-орун жана дүйнөлүк биринчиликтин коло медалы үчүн өтө турган беттеште мекендешибиз россиялык балбан Мингиян Горяев менен килемге чыгат.

Эскерте кетсек, буга чейинки көңүл жубатуучу беттеште Амантур Исмаилов жогорку чеберчилигин көрсөтүп, Швециянын өкүлү Хенрик Даленди 1 мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде 8:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңип алган.

Медаль беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.