Бишкекте 28-октябрда бир катар конуштарда таза суу жок болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Бишкекте 28-октябрда бир катар конуштарда таза суу жок болот

Бишкекте 28-октябрдасаат 09:00дөн 29-октябрында саат 02:00гө чейин бир катар конуштарда таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Өчүрүү району: Тунгуч кичи району, Рухий Мурас конушу, 44 Га конушу, Кырман конушу, ЖЭБ.

“Сельский” суу топтомосундагы II көтөрүмдүн насостук станциясын реконструкциялоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.