Ош менен Франция эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтет
Ош шаарынын мэриясында мэриянын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү.
Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 26-октябрда өттү.
Жолугушууда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев француз делегациясын жылуу тосуп алып, Ош шаарына болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушуп, билим берүү демилгелерин ишке ашыруу, тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, анын ичинде археологиялык долбоорлорду жүргүзүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле шаарга инвестиция тартуу жана Ош шаары менен Франциядагы аталышы окшош шаардын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү сунушу айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара кызыкчылыкка негизделген кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылды.
