Алай районунда Алымбек Датканын 226 жылдыгы белгиленди
Жогорку Кеңеш
26 октябрь

Алай районунда Алымбек Датканын 226 жылдыгы белгиленди

Ош облусуна караштуу Алай районунда Гүлчө шаарынын түзүлгөндүгүнүн 1 жылдыгы жана Алымбек Датканын 226 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. 

Салтанаттын алкагында спорттук мелдештер, театрлаштырылган оюн-зооктор өткөрүлдү.

Иш-чараларга Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышып, өзү демилгелеп уюштурган грек-рим күрөшү боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырып, алардын жетишкендиктери жалпы элдин сыймыгы экенин кошумчалады.