Президент: Жакынкы жылдарда өлкөдөгү бардык автовокзалдар союз учурундагыдай иштеп баштайт
26 октябрь

Президент: Жакынкы жылдарда өлкөдөгү бардык автовокзалдар союз учурундагыдай иштеп баштайт

Кыргызстанда жакынкы жылдарда Бишкектен республиканын бардык аймактарына автобустар каттап баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Келерки жылдын март, апрель айынан тартып Бишкектеги жаңы автовокзал ишке кирет. Ал жактан мурдагы союз учурундагыдай болуп, бардык аймактарга автобустар каттайт. Бардык аймактардын автовокзалдары ишке кирет жана анын баарына Транспорт министрлиги көзөмөл кылат”, - деди президент.

Бирок мамлекет башчынын айтымында, бул дароо эле ишке ашпайт. Анткени алгач техникаларды жаңыртуу керек.

“Биз азыр Транспорт министрлигин жол сала турган оор техника менен камсыздап жатабыз. Акыркы 3 жылда 1500 техника алып бердик. 3 жылдан бери жолду өзүбүз сала баштадык. Мурда 1 миллион сомго бүтө турган жолдун чыгымын 1,5 миллион деп жазышып, жарымын министрлик менен жеке компания бөлүп “жеп” алышчу. Азыр андай жок, ортомчу компания деген болбойт. Жумушчулардын айлыгын, материалдарды алып беребиз. Мурда 1 жылда 200 чакырым жолго асфальт басылса, азыр 1700 чакырымга үлгүрүп жатабыз, 2 миң чакырымга жеткирели деген ниетибиз бар”, - деди президент.