Жабдуулар бар, дарыгерлер даяр – донор жок. Министрдин орун басары каза болгондон кийин донорлук мыйзамы иштелип жатканын айтты
Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясынын болжолдуу баасы – 17 миң доллар, бөйрөк – 7 миң доллар.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурбек Букуевден Кыргызстан өзү жасап баштаган органдарды трансплатациялоо операцияларынын баалары канча болуп жатканына кызыкты.
Букуевдин айтымында, бул боюнча так маалымат жок. Бирок ОшМУнун клиникасындагы жана Бишкектеги Улуттук хирургия борборундагы бааларды алып караганда, боорду алмаштыруу 17 миң доллардын, ал эми бөйрөктү алмаштыруу 7 миң доллардын тегерегинде.
Букуев белгилегендей, жыл сайын өлкөдө 200дөй адам ооруканага боор оорусу менен кайрылат. Анын 100дөйү трансплатациялоого муктаж. Учурда 14 жаран операция кезегинде турат. Ноябрь айында Улуттук хирургия борборунда дагы бир операция жасалат.
Министрдин орун басары операциялардын кечеңдеши донор маселесиндеги кыйынчылык менен байланыштуу экенин айтты.
“Бир туугандардын донорлук кылуусуна уруксат берген мыйзам бекитилсе, жакшы жардам болмок. Донор издөө кыйын. Каза болгондон кийин донорлук боюнча мыйзам иштелүүдө, ал дагы кабыл алынса, бул жааттагы иштин алдыга жылышына өбөлгө болмок”, – деди Букуев.
