Майлуу-Суу шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы тапшырылды
Майлуу-Суу шаарынын тургундарына медициналык жардам көрсөтүү шарттарын жакшыртуу маселелери 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун иш сапарынын жүрүшүндө талкууланды.
Мындан аркы иштердин алкагында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын куруу маселеси каралууда. Долбоорду ишке ашыруу шаар тургундарына жана ага чектеш аймактардын калкына медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Майлуу-Суу шаарынын медициналык кызматына тез жардам унаасын бөлүп берди. Бул кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана шашылыш чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн аймактарында медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана калк үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.
