Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө Жарлыкка кол коюлду
26 октябрь

Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, илимий изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу, аларды жоготууну, бурмалоону жана ээликтен ажыратууну болтурбоо, көрсөтүлгөн объекттерди сактоого меценаттардын жана башка бюджеттен тышкаркы булактардын каражаттарын тартуунун ачык механизмин түзүү максатында, «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 5-бөлүгүнө, 21-беренесинин 3-бөлүгүнө, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Биринчи кезекте сакталууга жана мамлекеттик архитектуралык тарыхый-маданий экспертизадан өтүүгө тийиш болгон архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмеги (мындан ары – Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул Жарлыктын максаттары үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Тизмекте көрсөтүлгөн объекттерди сактоо боюнча иштер болуп мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашылган илимий-долбоордук документтер боюнча объектти коргоонун предметин өзгөртпөстөн аткарылуучу реставрация, консервация, регенерация жана оңдоо, анын ичинде жер титирөөгө каршы бекемдөө саналат деп;

2) Тизмекте көрсөтүлгөн объекттерди коргоонун предмети болуп алардын милдеттүү сакталууга тийиш болгон өзгөчөлүктөрү, анын ичинде мамлекеттик тарыхый-маданий экспертизанын натыйжалары боюнча тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу көлөмдүк-мейкиндик жана пландоо чечимдери, фасаддары, материалдары, конструкциялык системасы, декору, тарыхый функциялык багыты жана айлана-чөйрө менен байланышы саналат деп;

3) Тизмекте көрсөтүлгөн объекттердин авариялык техникалык абалы же алардын жер титирөөгө туруктуулуктун колдонуудагы 

талаптарына ылайык келбеши объектти тарыхый-маданий баалуулугун

жоготту деп табуу, Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик

тизмесинен чыгаруу, бузуу (демонтаждоо) же ордун которуу үчүн негиз болуп саналбайт деп. Мындай учурларда аварияга каршы жана консервациялоо иштерин жүргүзүү камсыз кылынат.

3. Тизмекте көрсөтүлгөн архитектуралык тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышы камсыз кылынсын, ошол эле учурда төмөнкүлөр жөнүндө чечимдерди кабыл алууга жол берилбесин:

1) менчиктештирүү, ээликтен ажыратуу, алмаштыруу, күрөөгө коюу, уставдык капиталга киргизүү, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү, кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү;

2) тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп табуу, Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгаруу, коргоо категориясын өзгөртүү, бузуу (демонтаждоо) жана ордун которуу;

3) ушул Жарлыктын 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн иштерди кошпогондо, объектти коргоонун предметин, анын көрүнүшүн, көлөмдүк-мейкиндиктик чечилишин же функциялык багытын өзгөртүүчү иштерге уруксаттарды берүү жана долбоордук документтерди макулдашуу;

4) Тизмекте көрсөтүлгөн объекттерди сактоо боюнча иштерди кошпогондо, Тизмекте көрсөтүлгөн объекттердин аймактарынын жана аларды коргоо зоналарынын чегинде жер тилкелерин берүү жана курулушка уруксаттарды берүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына Тизмекте көрсөтүлгөн, муниципалдык менчикте турган же тиешелүү аймакта жайгашкан объекттерге карата ушул Жарлыкты жетекчиликке алуу сунушталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Тизмекте көрсөтүлгөн объекттердин укуктук статусун, менчик ээсин (баланс кармоочусун), техникалык абалын, коргоо милдеттенмелеринин жана бекитилген коргоо зоналарынын бар экендигин аныктоо менен инвентаризациялоону жүргүзсүн;

2) Тизмекте көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилбеген объекттерге мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүүнү уюштурсун жана анын натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизсин;

3) республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттерин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программаларынан чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

4) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

5) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Бул Жарлыктын 5-пунктунда каралган иш-чараларды каржылоо тиешелүү жылга республикалык бюджетте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фондунун каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.