Бишкектеги аттракциондордун баасы 990 сомго чейин жетет — көп балалуу үй-бүлөлөргө 30% жеңилдик берилет
Бишкектеги соода-көңүл ачуу борборлорунда көп балалуу үй-бүлөлөргө балдардын оюн жана көңүл ачуу зоналарына баруу үчүн 30% жеңилдик каралган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусуна берген жообунда айтылат. Депутат маалыматты Telegram-каналына жарыялаган.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбор калаада эс алуучу жети парк жана балдар үчүн оюн-зоок аянтчалары бар 10 соода-көңүл ачуу борбору иштейт.
Парктарда ар бир аттракцион үчүн өзүнчө төлөм алынат. Баасы 50 сомдон 990 сомго чейин жетет. Бир адам орточо эсеп менен 150–350 сом коротот.
Ал эми соода-көңүл ачуу борборлорунда көбүнчө кирүү үчүн бир жолу төлөп, оюн зоналарын чектөөсүз пайдаланууга болот. Баасы 40 сомдон 890 сомго чейин жетип, бир адамдын орточо чыгымы 400–700 сомду түзөт.
Мэриянын маалыматына караганда, төрттөн ашык баласы бар көп балалуу үй-бүлөлөргө 30% жеңилдик берилет. Ал үчүн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көрсөтүү зарыл.
Мындан тышкары, туулган күнүн белгилеп жаткан балдарга 50%га чейин, аларды коштоп келген конокторго 30%га чейин жеңилдик каралган.
Райондор боюнча алганда, Биринчи май районунда балдар үчүн оюн зоналары бар бир парк жана эки соода-көңүл ачуу борбору, Свердлов районунда үч, Ленин районунда үч соода-көңүл ачуу борбору иштейт. Октябрь районунда беш парк жана эки соода-көңүл ачуу борбору бар.
Мэрия балдар үчүн акысыз инфраструктураны өнүктүрүү иштери да жүргүзүлүп жатканын билдирди. Октябрь районунда 30дан ашык ачык оюн аянтчасы иштейт. Дагы 24 объектте курулуш жүрүп жатат, ал эми 15 оюн аянтчасын куруу боюнча тендер жарыяланган.
Свердлов районунда 2026-жылдын июнь айынан бери балдар аянтчаларын курууга каражат бөлүү боюнча 31 чечим кабыл алынган. Учурда алты жерде курулуш иштери жүрүүдө. Калган 25 аянтчада подрядчылар менен келишимдер түзүлгөндөн кийин курулуш башталат.
