100 миң сомдон ашык насыя алуу үчүн кирешени тастыктаган документ талап кылынат
Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдар 100 миң сомдон ашык насыя берүүдө кардардын кирешесин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтерди талап кылууга милдеттүү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.
Жаңы талаптарга ылайык, ар бир микрофинансылык уюм карыз алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо боюнча ички методиканы бекитиши керек.
100 миң сомдон ашык насыя берүүдө кардардын кирешесин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган ишенимдүү жана жетиштүү документтердин тизмеси аныкталууга тийиш.
Ал эми 100 миң сомго чейинки насыялар боюнча карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү микрофинансылык уюмдун ички эрежелеринде каралган маалыматтардын жана критерийлердин негизинде бааланышы мүмкүн.
Ошондой эле Улуттук банк микрофинансылык уюмдарды кызматкерлерин кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо, көйгөйлүү насыялар менен иштөө, карыз алуучулар менен байланыш түзүү жана жоопкерчиликтүү насыя берүү принциптери боюнча үзгүлтүксүз окутууга милдеттендирди.
Мындан тышкары, максаттуу багытта берилген айрым насыялар боюнча микрофинансылык уюмдар каражаттын кандай максатта пайдаланылганын текшерүүгө тийиш. Бул боюнча отчет насыя берилгенден кийин эки айдын ичинде даярдалышы керек.
100 миң сомдон ашпаган насыялар үчүн мындай отчет талап кылынбайт.
