Президент Чаткалдагы мектеп окуучусунун өлүмү тууралуу: Сабап өлтүргөн балдарга ырайым болбошу керек
«Биздин өлкөдө криминал деген болбошу керек, биз аларды тыптыйпыл кылдык, мындан ары да пайда болбоого тийиш», - деди президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда.
Анда Рахман аттуу тургун 18-сентябрда 9-класста окуган небересин 11-класстын окуучулары сабап, өлтүрүп алышканын билдирди.
Аймактык укук коргоо органынын башчысынын айтымында, бул “туура эмес учурашып койдуң, бизди сыйлабай койдуң” деген сөздөн башталган. Аягында мушташка айланып, 11-класстын 4 окуучусу 9-класстын 3 окуучусун сабап, бири көз жумган.
“Тергегиле, карыбы, жашпы – сабап адам өлтүргөндөргө ырайым деген жок болуш керек. Ошондо калгандарга сабак болот. Толук жазасын бергиле. Эртең сүйлөшүү жолу менен чыгып кетпесин. Биз мектептерге катуу карайбыз, министрден сурап турам, аймактык милиция кызматкерин мектептерге жөнөтүп атасыңарбы, балдарды карап атасыңарбы деп. Мурда балдардан чоңойгондо ким болосуң деп сурасаң, “вор в законе” болом дешчү. Мектепте рэкетчилик орун алып, “смотрящийлер” да пайда болгон. Анын баарын жок кылдык, бизде криминал деген болбошу керек. Мектептердеги бандит чалыштарды колонияга жөнөтүш керек, тарбияланып келсин. Тарбияланбаса түрмөдө отура беришсин. Аларды сыйлагыдай авторитетпи, “мыйзамдагы уурубу?” – деди президент.
