Иллюстрациялык сүрөт
26 октябрь
Ала-Бука районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге көбөйгөн
2021-жылы Ала-Бука районунун бюджетинин көлөмү 313 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 607 млн сомго жеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда райондун тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.
Анын айтымына караганда, башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге көбөйгөн.
"Ал эми, “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 2026-жылдын 9 айында Ала-Бука районунун капиталдык курулуш тармагындагы 8 объектиге жалпысынан 238 млн сом каралып, 2026-жылдын 1-октбярына карата 232 млн сом акча каражаты толугу менен бөлүнүп берилди”, - деди Садыр Жапаров.
