"Өкмөттүк акселераторлор" программасы: расмий түрдө дагы эки жаңы реформа башталды
Аппараттык жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 100 күндүк "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарып, расмий түрдө дагы эки жаңы реформаны баштоого старт берди.
Адылбек Касымалиев актуалдуу социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган реформаларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгиленгендей, 2026-жылдын 29-июнунда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган эки реформа башталган.
Биринчи реформа пенсияларды жана багуучусунан айрылган учурдагы жөлөкпулдарды кайра тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Буга чейин багуучусунан айрылган 16 жаштан 23 жашка чейинки студенттер жыл сайын окуу жайынан кагаз түрүндөгү маалымкат алып, аны Социалдык фондго жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жеке өзү барып тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс көп убакытты талап кылып, кошумча чыгымдарга алып келген, мындан тышкары, документти өз убагында тапшырбай калуу жөлөк пул төлөмдөрүнүн токтотулушуна себеп болушу мүмкүн эле.
Жүргүзүлгөн реформанын алкагында, 100 күндүн ичинде бул процесс электрондук форматка өткөрүлдү. Эми студент тууралуу зарыл маалыматтар анын Жеке идентификациялык номери (ЖИН) аркылуу мамлекеттик маалымат системаларынан текшерилет — бул болгону 1–2 мүнөттү гана алат. Эми кагаз түрүндөгү маалымкаттарды алуунун же тапшыруунун, мамлекеттик мекемелерге баруунун же кезек күтүүнүн кажети жок.
Реформа болжол менен 18 500 адамды камтыды жана ал бир катар артыкчылыктарды берет: ал жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөп, бюрократиялык түйшүктү азайтат, документтерди жасалмалоо коркунучун жок кылат, ошондой эле маалыматтарды иштетүүдө ката кетирүү ыктымалдыгын төмөндөтөт. Эң негизгиси, ал социалдык төлөмдөрдүн өз убагында узартылышын камсыз кылып, студенттерди жана алардын үй-бүлөлөрүн ашыкча убаракерчиликтен арылтат.
Экинчи реформа финансылык мекемелер тарабынан мүлккө коюлган чектөөлөрдү (тыюуларды) алып салуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Мурда насыя толугу менен төлөнгөндөн кийин да, жарандар банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, кагаз түрүндөгү документтерди тапшырып, кезек күтүүгө аргасыз болушчу. Бул процесс бирден эки жумуш күнүнө чейин созулчу.
"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында 100 күндүн ичинде "Түндүк" тиркемеси аркылуу мүлккө коюлган чектөөлөрдү онлайн режиминде алып салуу механизми иштелип чыкты.
Эми арыз берүү, банк тарабынан ырастоо жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикте каттоо иштери толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлөт. Натыйжада, жол-жобого кеткен убакыт 1–2 жумуш күнүнөн болгону 5 жумуш саатына чейин кыскарат.
Натыйжада, жарандар үйлөрүнөн чыкпай же мамлекеттик мекемелерге жана банктарга барбай туруп, күрөөнү алып сала алышат. Бул убакытты жана акчаны үнөмдөөгө, бюрократиялык жол-жоболорду азайтууга жана мамлекеттик кызматты алуу процессин ыңгайлуураак жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда дагы эки жаңы реформа башталды.
Биринчи реформа арыздарды тапшыруу жана акциздик маркаларды берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу процессин санариптештирүүгө багытталган. Учурда ишкерлер салык органдарына үч-төрт жолу барып, кагаз түрүндөгү арыздарды жана зарыл болгон кошумча документтерди тапшырышы керек.
Бул жол-жобо 3 жумуш күнүнөн 5 жумуш күнүнө чейинки убакытты алат. Өлкө боюнча ай сайын болжол менен 1200 арыз берилип жаткандыктан, бул ишкердик субъекттери үчүн кошумча административдик жүк жаратат.
Жүз күндүк "Өкмөттүк акселераторлор" программанын алкагында, арыздарды "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" аркылуу берүүгө шарт түзүү, документтерди текшерүү
процессин автоматташтыруу, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы, "Учкун" ААКсы жана "Абанк" ААКсынын ортосунда электрондук маалымат алмашууну жолго коюу пландалууда.
Натыйжада, арыздарды карап чыгуу жана чечимдерди кабыл алууга кеткен убакыт 3–5 жумушчу күндөн 1 жумушчу күнгө чейин кыскарат. Ишкерлер чечимдерди электрондук түрдө, "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" аркылуу ала алышат, бул салык органдарына кайра-кайра баруу зарылдыгын жокко чыгарат.
Бул реформаны ишке ашыруу бизнеске убакытты жана каражатты үнөмдөөгө, бюрократиялык жол-жоболорду азайтууга, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жардам берет.
Экинчи реформа экспорттук көзөмөл чөйрөсүндө уруксаттарды берүү процессин жакшыртууга багытталат. Учурда улуттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарлар боюнча эксперттик корутундуларды жана уруксаттарды даярдоо кагаз түрүндөгү документтер аркылуу ишке ашырылат.
2025-жылы экспорттук көзөмөл боюнча 165 уруксат документи берилген, анын ичинде 84 экспорттук жана импорттук лицензия, ошондой эле 34 акыркы колдонуучу сертификаты бар.
Ишкерлерге мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылууга жана бир эле документтерди кагаз түрүндө кайра-кайра тапшырууга туура келет.
Эксперттик кароо процесси 10 жумушчу күнгө чейин, ал эми уруксат берүүчү документтерди даярдоо 14 жумушчу күнгө чейин созулат. Документтер кол менен иштетилип, бир нече баскычтуу бекитүү процессинен өтөт.
Жүз күндүк "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында, "Бирдиктүү терезе" системасы аркылуу товарларды идентификациялоо үчүн бирдиктүү электрондук системаны иштеп чыгуу пландалууда. Бул система документтерди бир гана жолу тапшырууга шарт түзүп, арыздарды кабыл алуудан жана эксперттик баалоолорду даярдоодон баштап, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө жана уруксат кагаздарын берүүгө чейинки бардык этаптарды автоматташтырат. Система Экономика жана коммерция министрлиги, эксперттик органдар, Мамлекеттик бажы кызматы жана "Бирдиктүү терезе" борборунун ортосунда, улуттук контролдук тизмеге киргизилген товарлар боюнча электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
Натыйжада, эксперттик кароого кеткен убакыт 10 жумушчу күндөн 5 жумушчу күнгө чейин, ал эми уруксат кагаздарын иштеп чыгуу жана берүү мөөнөтү 14 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин кыскарат. Ишкерлер документтерин бир гана жолу тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, бул болсо мамлекеттик органдар менен кайра-кайра байланышуу зарылдыгын жокко чыгарат.
Бул реформаны ишке ашыруу административдик тоскоолдуктарды азайтууга, бизнес үчүн убакытты жана ресурстарды үнөмдөөгө, ошондой эле жол-жоболордун ачыктыгын жана ведомстволор аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
