Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан 53,9 чакырым тор чыгарылды
видеодон алынган кадр
26 октябрь

Жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан 53,9 чакырым тор чыгарылды

2026-жылдын башынна бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылып, алардын жалпы узундугу 53 900 метрди (53,9 км) түзгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирет.

Маалыматта айтылгандай, ошондой эле 1 440 кг (1,44 тонна) ар кандай таштанды чыгарылган.

Тазалоо иштери Ысык-Көлдүн экологиясын сактоого, суу биоресурстарын коргоого жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алууга багытталган.

Министрлик жарандарды көлдүн тазалыгын сактоого, таштанды таштабоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.