Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь
Бишкекте «Империя пиццы» жана BBH айып пул салынды
Бишкекте тургундардын тынчтыкты бузган ызы-чуу боюнча арыздарынан кийин «Империя пиццы» жана BBH мекемелерине карата протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыздар Табалдиев көчөсүндөгү №45 үйдүн тургундарынан түшкөн.
Жарандардын кайрылуусунан кийин муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте окуя болгон жерге барышкан.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Муниципалдык инспекция мекемелердин ээлери да тынчтыкты сактоо талаптарын аткарууга милдеттүү экенин эскертти.
