УКМК кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапкан депутат. Маркумдун кызы президентке кайрылды
26 октябрь

УКМК кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапкан депутат. Маркумдун кызы президентке кайрылды

Чаткал районунун жергиликтүү кеңешинин төрагасы Касымалы Оморов 2025-жылы УКМК кызматкерлеринин колунан ажал тапкан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Чаткал районунун тургундары менен жолугушуусунда Оморовдун кызы билдирди.

Айтымында, атасы жергиликтүү кеңештин төрагасы болгон. Административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан маалда айыл өкмөттөрдүн кошулуусуна элдин 50 пайызы макул болмойунча чечим кабыл алуудан баш тарткан. Анан УКМК кызматкерлери аралашкан. Алар Касымалы Оморовдон печатты берүүсүн талап кылышкан. Андан соң ур-токмокко алышканда, маркумдун кабыргасы сынып, өпкөсүн тешип кеткен.

“Сабаган кызматкер Алымбек Мамбетов деген. Атама 50 миң сом акча сунуштаган, мектеп директору кылабыз дешкен. Бирок ал убакта атамдын акыбалы оордоп кеткен болчу. Биз Ош шаарына алып бардык, ошол жактан өпкөсүнө кабыргасы сайылып калганын билдик. 6 айдай оору менен алышып жүрүп өтүп кетти”, - деди ал.

Ошондой эле ал жолугушууга келгенде жергиликтүү чиновниктер анын эмнеге келгенин, президентке кайсы маселени жеткирээрин чечмелеп сурашканын кошумчалады.

Садыр Жапаров АТФ аркылуу он миллиондогон сом үнөмдөлгөнүн, бул туура чечим болгонун билдирди.

“463 айыл өкмөтү 463 имаратта отурчу, 463 автоунаа айдачу, айлык акыларды алчу, автоунаалары бузулса аны оңдогонго каражат коротушчу. Ошон үчүн оптималдаштырдык. Бул чечимди дароо эле кабыл ала койгон жокпуз, 2 жыл иштедик. Каршы чыккандар болду, алардын ар бирине түшүндүрдүк. Айрымдар айыл өкмөт менин үйүмдөн алыс болуп калды деп да каршы чыгышты. Азыркы заманда баары санариптештирилип жатат, керектүү маалымкаттарды үйдөн чыкпай туруп алууга болот. Акырындык менен эл айыл өкмөтүнө бир жылда барса барып, болбосо беш жылда бир барып калат. Айыл өкмөтүнүн алыс-жакындыгы роль ойнобойт”, - деди президент.

Ал Башкы прокуратуранын өкүлүнү кайрылып, маркумдун ишин кылдат иликтөөнү тапшырды.