Көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги Ошто жыйынтыкталды
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
26 октябрь

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги Ошто жыйынтыкталды

Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында 2026-жылдын 20-25-октябрь күндөрү өткөн көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Мелдештин салтанаттуу жыйынтыктоо аземине облус башчысы Аманкан Кенжебаев катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Мелдештин негизги максаттары — улуттук спорттун көрүнүктүүсү болгон көк бөрү спортун жайылтуу жана өнүктүрүү, аймактарда көк бөрү боюнча машыгуу шарттарын жакшыртууга салым кошуу болуп саналат.

Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан жалпы 9 команда ат салышты:

  • Чүй облусу
  • Талас облусу
  • Ош облусу
  • Жалал-Абад облусу
  • Баткен облусу
  • Нарын облусу
  • Ысык-Көл облусу
  • Бишкек шаары
  • Ош шаары

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын расмий бекитилген эрежелерине ылайык өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгы:

  • 1-орун: Чүй облусу - 1 000 000 сом
  • 2-орун: Талас облусу - 500 000 сом
  • 3-орун: Ош облусу - 250 000 сом

Уюштуруучулар жеңүүчүлөрдү чын дилден куттуктап, бардык катышуучуларга жана мелдешти көрүүгө келгендерге ыраазычылык билдиришти.