Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин күрөөнү «Түндүк» аркылуу онлайн алып салууга болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин күрөөнү «Түндүк» аркылуу онлайн алып салууга болот

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин күрөөнү «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алып салуу механизми иштелип чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын 100 күндүк жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Буга чейин насыяны төлөп бүткөн жарандар банкка жана Жер агенттигине жеке барып, кагаз түрүндөгү документтерди тапшырууга аргасыз болушкан. Күрөөнү алып салуу жол-жобосу бирден эки жумуш күнүнө чейин созулчу.

Эми арыз берүү, банктын ырастоосу жана Жер агенттигинде каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, жаңы механизм күрөөнү алып салуу мөөнөтүн беш жумуш саатына чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Жарандар бул үчүн банктарга жана мамлекеттик мекемелерге жеке барбай, жол-жобону аралыктан бүтүрө алышат.