Бишкекте Транскаспий соода жолунун Координациялык платформасынын Эксперттик тобунун үчүнчү жыйыны өттү
26 октябрь

Бишкекте Транскаспий соода жолунун Координациялык платформасынын Эксперттик тобунун үчүнчү жыйыны өттү

2026-жылдын 19–21-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Транскаспий соода жолунун (ТСЖ) Координациялык платформасынын Эксперттик тобунун үчүнчү жыйыны өттү. Иш-чараны АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы (CLDP) уюштурду.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар ТСЖны өнүктүрүүдө катышуучу өлкөлөр жетишкен негизги натыйжаларды карап чыгышты. Экинчи жыйындын жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан сунуштарды ишке ашырууга жана ТСЖ боюнча Биргелешкен иш-аракеттер планын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, катышуучулар инвестицияларды тартуу жана транспорт, соода чөйрөлөрүндө америкалык компаниялар менен жаңы өнөктөштүк мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жыйындын негизги темалары:

·        Транскаспий багыты: эл аралык соода жана экспортту диверсификациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр (катышуучу өлкөлөрдүн жана ассоциациялардын презентациялары);

·        бажылык тариздөөдөгү актуалдуу өзгөрүүлөр жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү (катышуучу өлкөлөрдүн жана ассоциациялардын презентациялары);

·        инвестиция, соода жана логистика чөйрөлөрүндө АКШнын бизнес-коомчулугу менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү.

CLDP жөнүндө маалымат

Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы (CLDP) — АКШнын Соода министрлигинин укуктук-техникалык жардам көрсөтүүчү бөлүмү. Программа 1992-жылы негизделген жана соода, инвестициялар жана коммерциялык ишмердүүлүк чөйрөлөрүндөгү саясий, укуктук жана жөнгө салуу шарттарын өркүндөтүү максатында дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр менен кызматташат.