Баткен окуясына 27 жыл: курман болгондор эскерилди
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
26 октябрь

Баткен окуясына 27 жыл: курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-октябрда, 1999–2000-жылдардагы Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн быйыл Баткен окуясына 27 жыл толгондугун эске салышты. 

Эскерүү иш-чарасына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов катышты. Ал облус башчысы Мамыржан Рахимовдун атынан куттуктоо жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, Баткен окуясынын катышуучулары жана курман болгондордун жакындары катышты. Алар мекендин тынчтыгы жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгү үчүн курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюшту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен окуясынын баатырларынын эрдиги эскерилип, алардын элеси эч качан унутулбай турганы белгиленди. Ошондой эле курман болгон мекендештердин арбагына багышталып куран окулду.

Баткен окуясы — Кыргызстандын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун коргоо жолундагы тарыхый окуялардын бири. 1999-жылы август айынын башында диний экстремисттик куралдуу топтор Баткен районунун аймагына басып кирип, аны өздөрүнүн базасына айландырууну жана жергиликтүү жаштарды өз катарына тартууну көздөшкөн.

Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана коңшу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасында согушкерлер өлкө аймагынан сүрүлүп чыгарылган.

Куралдуу кагылышууларда Кыргызстандын 76 жараны курман болгон. Алардын 46сы аскер кызматкерлери болгон. Мындан тышкары, 100дөн ашуун жаран жаракат алган.