Ош облусунда мекенине кайтып келген үй-бүлөлөр «Социалдык контракттын» жардамы менен бизнес ачууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алып, алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга, социалдык кызматтарды алууга, жумушка орношууга көмөктөшүүгө жана коомго интеграцияланууга бурулду.
«Социалдык контракт» программасынын алкагында колдоо алган айрым үй-бүлөлөр өз алдынча ишкердик ачып, жеке ишин баштоого жетишип, каржылык көз карандысыздыкка жетүү жана бакубаттуулугун жогорулатуу багытында алгачкы кадамдарын жасашты.
А. Имангазиев мекенине кайтып келген жарандарды колдоо министрликтин ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасына кайтып келген үй-бүлөлөрдүн коомго ийгиликтүү ыңгайлашуусуна, социалдык интеграциясына көмөктөшүү жана алардын мындан аркы жашоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.
Иш сапардын жыйынтыгында министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аймактык органдарга көтөрүлгөн маселелерди өз компетенцияларынын чегинде карап чыгып, үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
