Кыргызстан менен Германия мал чарбасында генетика жана селекция боюнча кызматташтыкты талкуулады
26 октябрь

Кыргызстан менен Германия мал чарбасында генетика жана селекция боюнча кызматташтыкты талкуулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын «Bayern-Genetik GmbH» компаниясынын өкүлдөрү Петер Баумгертель жана Дарья Коваленко, ошондой эле Кыргызстандын «Токбай Агро» ишканасынын жетекчиси Арсен Джанов менен жолугушуу өткөрдү.
Компаниянын өкүлдөрү айыл чарба жаныбарларынын генетикасы жана селекциясы, асыл тукум материалдарын өндүрүү жана малды көбөйтүүнүн заманбап технологиялары боюнча адистешкен «Bayern-Genetik GmbH» компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүүлүгү менен айырмаланган флекфи (Fleckvieh) породасындагы малды жайылтуу перспективалары, ошондой эле малдын генетикасын жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча министрликтин долбоорунун алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Атап айтканда, жергиликтүү жасалма уруктандыруу адистерин Германиядан алынган жогорку сапаттагы бука уругу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан тышкары, ветеринардык жана сертификациялык талаптарды эске алуу менен Бавариядан Кыргыз Республикасына бука уругун импорттоого карата колдонулуп жаткан чектөөнү алып салуу мүмкүнчүлүгү өзүнчө талкууланды. Ошондой эле компаниянын ыйгарым укуктуу эксперттеринин катышуусунда жасалма уруктандыруу жана эмбрион трансплантациясы боюнча адистерди даярдоо маселеси каралды.

Жолугушуунун катышуучулары «Bayern-Genetik GmbH» компаниясы менен «Токбай Агро» ишканасынын ортосундагы кызматташтыктын маанисин белгилешти. Ошондой эле министрликтин расмий делегациясынын Баварияга иш сапарын уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Иш сапардын алкагында Германиядагы мал чарба фермаларынын, компаниянын башкы кеңсесинин жана бука уругун алуу станциясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана талкууланган кызматташтык багыттарын практикалык жактан иштеп чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.