Кыргызстан 2026-жылы Россияга иштөө үчүн барган жарандардын саны боюнча үчүнчү орунду ээледи
2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын жарандары Россияга иштөө максатын көрсөтүү менен 289 миң 61 жолу кирген. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, ТАСС агенттиги кабарлады.
Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан жарандары Россияга иштөө үчүн барган өлкөлөрдүн арасында үчүнчү орунду ээледи.
Биринчи орунда Өзбекстан турат — 1 млн 178 миң 609 жолу кирүү катталган. Экинчи орунду Тажикстан 494 миң 518 көрсөткүчү менен ээледи.
Андан кийинки орундарда Казакстан — 122 миң 654, Кытай — 89 миң 656, Армения — 88 миң 629, Азербайжан — 62 миң 440, Индия — 27 миң 419, Түркмөнстан — 13 миң 428 жана Түркия — 8 миң 360 жолу кирүү көрсөткүчтөрү менен жайгашты.
Ошол эле учурда Москва патенттин негизинде иштеген чет өлкөлүк жарандардын саны боюнча Россиянын аймактарынын арасында биринчи орунда турат. 2026-жылдын январь айынан сентябрга чейин борбор калаада мындай 437 миң 655 жумушчу катталган.
Москва облусунда алардын саны 268 миң 112ни, Санкт-Петербург жана Ленинград облусунда 162 миң 413тү, Свердлов облусунда 38 миң 590ду, Татарстанда 36 миң 256ны түзгөн.
