Кыргызстанда мамлекеттик материалдык резерв кызматкерлеринин күнүн белгилөө сунушталды
Кыргызстанда жаңы кесиптик майрам — Мамлекеттик материалдык резерв кызматкерлеринин күнүн белгилөө сунушталууда.
Тиешелүү токтом долбоору Министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик материалдык резерв системасынын кызматкерлерин колдоо жана алардын кызмат аброюн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, майрамды жыл сайын 16-февралда белгилөө сунушталууда. Бул дата мамлекеттик материалдык резерв системасынын түптөлүү тарыхын эске алуу менен тандалган.
Тактап айтканда, 1938-жылдын 16-февралында СССР Эл комиссарлар кеңешинин токтому менен Ташкент шаарында Орто Азия аскер округунун Резервдер башкармалыгы түзүлгөн. Анын карамагына Кыргыз ССРинин аймагында мобилизациялык запастарды түзүү маселелери да кирген.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, 1992-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду түзүлгөн.
Учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында иш алып барып, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу милдетин аткарат.
Системанын кызматкерлеринин негизги милдеттерине өзгөчө кырдаалдар жана аскердик коркунучтар жаралган учурда колдонуу үчүн азык-түлүк, чийки зат, күйүүчү май жана дары-дармектердин запастарын түзүү жана сактоо, баалар кескин өзгөргөндө ички рынокту турукташтыруу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана мамлекеттин мобилизациялык муктаждыктарын камсыз кылуу кирет.
Документте белгиленгендей, мамлекеттик материалдык резерв кызматкерлери коронавирус пандемиясы учурунда, ошондой эле Ооганстан менен Ирандын калкына гуманитардык жардам көрсөтүүдө күчөтүлгөн тартипте иштешкен.
Долбоордун авторлорунун пикиринде, кесиптик майрамды белгилөө кызматтын аброюн жогорулатууга, кызматкерлердин ишке болгон мотивациясын күчөтүүгө, кадрдык потенциалды сактоого жана муундар ортосундагы уланмалуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Токтом долбоору кабыл алынса, 16-февраль Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резерв кызматкерлеринин расмий күнү болуп белгиленет.
