Бишкекте абанын булганышы эки жумада эки эседен ашык өстү
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Бишкекте абанын булганышы эки жумада эки эседен ашык өстү

Бишкекте атмосфералык абанын булгануу деңгээли өсүүнү улантууда. 2026-жылдын 16-октябрынан 22-октябрына чейин негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы жол берилген чектен 2,66 эсеге ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет Жаратылыш чөйрөсүнүн булганышын байкоо башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-октябрдан 15-октябрга чейинки мезгилде бул көрсөткүч 1,56 эсени түзгөн. Ал эми 2-октябрдан 8-октябрга чейин негизги булгоочу заттардын концентрациясы жол берилген чектен 1,10 эсеге ашкан.

Ошентип, эки жуманын ичинде абанын булгануу көрсөткүчү 1,10дон 2,66 эсеге чейин өсүп, эки эседен ашык көбөйгөн.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, борбор калаада атмосфералык абадагы негизги булгоочу заттардын орточо суткалык өлчөмүнө байкоо жүргүзүлөт.