Акыркы беш жылда Ала-Бука районунда 27 чакырым жолго асфальт төшөлгөн
Иллюстрациялык сүрөт
26 октябрь

Акыркы беш жылда Ала-Бука районунда 27 чакырым жолго асфальт төшөлгөн

Акыркы беш жылда Ала-Бука районунда 27 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун активи жана тургундары менен жолугушкан учурда билдирди. 

Жолугушуу 25-октябрда өткөн.

Президент өз сөзүндө 2026-жылы дагы 24 чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер улантылууда. Ошондой эле узундугу 217 чакырымды түзгөн Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автомобиль жолун оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата 90 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Иштерди толук аяктап, жолду пайдаланууга жакынкы эки-үч жылдын ичинде берүү пландалууда.