Ала-Бука районундагы эки айылда күн электр станциялары курулат
Иллюстрациялык сүрөт
26 октябрь

Ала-Бука районундагы эки айылда күн электр станциялары курулат

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда күн электр станцияларын куруу каралган. Бул тууралуу президенттин администрациясы 25-октябрда тараткан билдирүүдө айтылат.

Садыр Жапаров күн мурун райондун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты. Анда Айры-Там айыл аймагында 204 га аянтка күн панелдерин орнотуу пландалып жаткандыгы айтылды.

Долбоордун кубаттуулугу 130 МВтты, инвестициялардын көлөмү 100 млн АКШ долларын түзөт.

Ынтымак айыл аймагында 183 га аянтка кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. Долбоордун наркы 100 млн АКШ долларын түзөт.