Футбол темасына арналган кыргыз тилиндеги сериал тартылууда
Кыргызстанда биринчи жолу футбол темасына арналган сераил — «Топ Юнайтед» тартылууда . Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Кыргыз тилинде тартылган сериал ушул жылы экранга чыгат.
«Топ Юнайтед» — кызын жоготуп албоо үчүн тарбиясы оор өспүрүмдөрдөн түзүлгөн футбол командасын машыктырууга аргасыз болгон улуттук кураманын мурдагы оюнчусу тууралуу спорттук драмеди.
Сериалдын өзөгүн үй-бүлө, достук жана экинчи мүмкүнчүлүк темалары түзөт. Долбоор жаштарды спортко жана сергек жашоого үндөп, командалык дух, жоопкерчилик жана максатка умтулуу сыяктуу баалуулуктарды чагылдырат.
Сериалда кыргыз киносунун жаңы жүздөрү тартылып, алардын көбү үчүн «Топ Юнайтед» алгачкы экрандык дебют болмокчу.
Белгилей кетсек, сериал «Кыргызсериал» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси», Кинематография департаменти жана «1.1 Studio» кинокомпаниясы биргеликте тартылууда.
