Мелис Элебесов, ырчы, мугалим: «Телефондон өнөргө: балдарды комузга кызыктырган мугалим»
Үч кылга катылган кыргыздын тарыхы, мурасы жана күүлөрү бүгүн жаш муундун колунда жаңырып келет. Комузга кызыккан балдардын көбөйүшү улуттук өнөрдүн кийинки муунга өтүп жатканынын белгисиби? Комуз үйрөнүү баланын тарбиясына кандай таасир берет? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Бишкектеги Свердлов райондук балдар чыгармачылык борборунун комуз мугалими Мелис Элебесов менен баарлаштык.
– Мелис, балдардын комузга болгон кызыгуусу кандай?
– Кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатат. Мындан он жыл мурун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында миң комузчу бир убакта күү черткен. Мен да шакирттерим менен бирге «Маш ботой» күүсүн аткарууга катышкам. Ошол окуядан кийин комузга кызыккан балдар көбөйдү. Азыр да ийримге келгендердин көбү «Маш ботойду» үйрөнгүсү келерин айтышат.
Мурда комуз ийримине беш-алты эле окуучу келсе, азыр үйрөнөм дегендер арбын. Чоңдордун арасында да кызыгуу күчөп жатканы кубандырат.
– Балдарды комузга канча жаштан баштап үйрөтөсүздөр?
– Негизинен үчүнчү класстан тартып кабыл алабыз. Анткени бала тамгаларды жакшы өздөштүрүп алса, ноталарды үйрөнүүсү да жеңилирээк болот. Алгач комуздун түзүлүшү, сахнада отуруу эрежеси жана жети нота менен тааныштырабыз. Андан кийин «Жаштар маршы», «Кербезим» сыяктуу күүлөрдү үйрөнө башташат. Башында 2–3 миң сомдук жыгач комуз менен машыгышат. Окуучу аспапты жакшы өздөштүргөндөн кийин өрүк комузга өтөт.
– Бишкекте ата-энелер балдарын комуз ийримине эмне себептен беришет?
– Айрым ата-энелер балдары телефонду көп колдонуп, орус тилинде көбүрөөк сүйлөп калгандыктан комузга берүүнү каалашарын айтышат. Комуз үйрөнүү баланын музыкалык жөндөмүн гана өстүрбөстөн, улуттук маданиятыбызга жакын болуусуна да жардам берет. Өз тилибизге, салтыбызга көңүл буруп, аларды кийинки муунга өткөрүп турушубуз керек.
– Шакирттериңиздердин жетишкендиктери тууралуу айтып берсеңиз.
– Алдыңкы окуучуларыбыз мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катышып, «Баластан» студиясына да барып турушат. Теледен чыгуу балдарга дем берет. Ошондой эле окуучуларыбызды Түркия, Алматы жана Ташкент шаарларындагы сынактарга чакырып жатышат. Мындай чоң сынактарга даярдануу үчүн кеминде он күү черте билишибиз керек. Алдыда шакирттерим менен бирге чоң максаттарды көздөп жатабыз.
Мен балдар менен иштеп жатканыма алты жыл болду. Бүгүнкү күндө айрым шакирттерим Бишкек шаардык мэриясынын оркестринде эмгектенишет. Алардын өз жолун тапканы мен үчүн чоң сыймык.
– Сиздердин борбордогу ийримдер акысыз экен. Ата-энелер муну жетиштүү пайдаланып жатышабы?
– Ооба, борбордогу ийримдердин баары акысыз. Бирок айрым ата-энелер балдарын бербей коюшат. Кээ бирлери акысыз ийрим бар экенине таң калышат. Чындыгында, бул балдардын катылып жаткан өнөрүн ачууга, өзүнө болгон ишенимин арттырууга жакшы мүмкүнчүлүк.
Биздин негизги максатыбыз – балдарды өнөргө тарбиялап, жаман жолдон алыс кармоо. Ата-энелер да балдарынын чыгармачылык өнүгүүсүнө көңүл бурушса дейм. Кыргызда «Өнөрлүү өлбөйт» деген накыл сөз бар. Балага өнөр үйрөтүү – анын келечегине жол ачуу.
