Бишкекте милиция $140 миң алдап кеткен аялды кармады
Бишкектин Биринчи май РИИБ
10 сентябрь

Бишкекте милиция $140 миң алдап кеткен аялды кармады

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. 

Биринчи май райондук милициясынын билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 12-августунда М.Ш., аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда К.А.га карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин айтымына ылайык, К.А. үстүбүздөгү жылдын июнь айында башка мамлекеттен товар алып келип, аны сатуу боюнча убада берип, ишенимге кирүү жолу менен арыз ээсинин 140 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, товарды алып келбестен, акча каражатын кайтарып берген эмес.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү жана жүргөн жери аныкталган. Натыйжада, 1982-жылы туулган К.А. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96–97-беренелеринин негизинде Бишкек шаарынын ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи шектүүнүн мыйзамсыз аракеттери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандарды, ошондой эле анын аракеттеринен жабыркаган адамдарды ички иштер органдарына арыз менен кайрылууга же төмөнкү байланыш телефондору аркылуу маалымат берүүгө чакырат: 0779 209 945; 0700 209 945.