Кара-Суу районунда 100 орундуу бала бакча курулду
Курулуш министрлиги
10 сентябрь

Кара-Суу районунда 100 орундуу бала бакча курулду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 60,9 миллион сомду түздү.

Бала бакчанын курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, бала бакча бөбөктөрдү кабыл алууга даяр.

Жаңы бала бакча заманбап үлгүдө курулуп, анда балдар үчүн бардык шарттар каралган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт.

Мындан тышкары, бала бакчанын айланасына балдардын коопсуздугун эске алуу менен оюн аянтчасы курулду.