«75чилердин каты» боюнча Ташиев, Зулушев жана башка айыпталуучулар эки жылдык пробацияга кесилди
Бишкек шаардык соту 10-сентябрда коомчулукта «75чилердин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.
Сот айыптоодон бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө байланыштуу 326-беренени алып салып, айыпталуучулардын аракеттерин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси — «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренесине кайра квалификациялады.
Иштин айыпталуучуларынын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев бар.
Сот айыпталуучулардын ар бирине төрт жылдан эркинен ажыратуу жазасын дайындаган. Бирок пробациялык көзөмөлдү эки жылдык мөөнөткө колдонгон.
Ошентип, сегиз айыпталуучунун баары КР Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылдык пробацияга кесилди.
Сот отуруму жабык режимде өтүп, өкүм да жабык эшик артында окулду.
