«Бала ырысы»: 10-сентябрда 285,6 млн сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмүн каржылоо жүргүзүлгөнүн маалымдайт.
Маалыматтар базасын жаңыртуу, келип түшкөн арыздарды этап-этабы менен иштеп чыгуу жана маалыматтарды кошумча салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгында төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү.
«Бала ырысы» төрөлгөндөн тартып үч жашка толгонго чейинки балдарга берилет. Жөлөкпулдун базалык өлчөмү айына 1 200 сомду түзөт, ал эми айрым категориядагы калктуу конуштар үчүн төлөмдүн өлчөмү белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен аныкталат.
Эмгек министрлиги программанын алгачкы айларындагы ишке ашыруу тажрыйбасын жана жарандардын кайрылууларын эске алуу менен жөлөкпул берүү боюнча санариптик жана уюштуруучулук процесстерди мындан ары да өркүндөтүп, мамлекеттик колдоону ар бир үй-бүлө үчүн мүмкүн болушунча жөнөкөй, түшүнүктүү жана ишенимдүү алууга шарт түзөт
