Талас шаарында жана "Манас ордодо" Rest Point борборлору ачылды
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги
10 сентябрь

Талас шаарында жана "Манас ордодо" Rest Point борборлору ачылды

Талас шаарында жана "Манас ордо" улуттук комплексинин аймагында туристтер үчүн жаңы Rest Point борборлору ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Ачылыш аземине Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышты.

Жаңы Rest Point борборлору туристтердин жана жол жүрүп бараткан саякатчылардын эс алуусуна, керектүү маалыматтарды алуусуна жана сапар учурунда ыңгайлуу шарттар менен камсыз болушуна арналган.

Борборлордо туристтер үчүн заманбап инфраструктура түзүлгөн: заманбап маалымат борбору, душ бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр жана кафе иштейт.

Маалымат борборлорунан аймактагы туристтик объектилер, маршруттар жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алууга болот. Эс алуу зоналары саякатчыларга жолдо эс алып, сапарын улантуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.