Кыргызстан ЕАЭБде реалдуу эмгек акынын өсүшү боюнча лидер болду
Кыргызстан 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн арасында реалдуу эмгек акынын өсүшү боюнча биринчи орунду ээледи.
Инфляцияны эске алуу менен өлкөдө эмгек акы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,3%га өстү.
Беларуста реалдуу эмгек акы 7,5%, Россияда 6,5%, Арменияда 0,9%га өскөн.
Ал эми Казакстанда бул көрсөткүч 0,6%га төмөндөгөн. Муну менен Казакстан ЕАЭБде реалдуу эмгек акынын төмөндөшү катталган жалгыз өлкө болду.
Ошентип, реалдуу эмгек акынын өсүү темпи боюнча Кыргызстандан кийинки өлкө — Беларусь менен айырма 7,8 пайыздык пунктту түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 53 миң 759 сомду түздү. 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ал 27,5%га өскөн. Керектөө бааларынын өсүшү эске алынганда, эмгек акынын өсүшү 15,3%ды түздү.
