Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 24-сентябрда карайт
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 24-сентябрда карайт

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын президентин шайлоону дайындоо маселесин 24-сентябрда карайт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо парламент тарабынан тиешелүү токтом кабыл алуу жолу менен дайындалат.

«Мендеги маалымат боюнча, Жогорку Кеңеш бул маселени 24-сентябрда карап, шайлоону 2027-жылдын 27-январына, шаршемби күнгө дайындайт», – деди Шайназаров.

Буга чейин депутаттар президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карашы мүмкүн экени маалымдалган.

Ошол эле учурда БШКнын төрагасы белгилегендей, парламент тиешелүү токтомду кабыл албаса да, мыйзамга ылайык шайлоо дайындалган болуп эсептелет.

Ошентип, добуш берүү 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек.

Жогорку Кеңештин токтому расмий жарыялангандан кийинки күндөн тартып президенттик шайлоого катышууну каалаган жарандар талапкерлигин көрсөтүү жол-жобосун баштай алышат.