Түп районундагы Көөчү айылында 275 орундуу заманбап мектеп курулууда
Курулуш министрлиги
17 ноябрь

Түп районундагы Көөчү айылында 275 орундуу заманбап мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында 275 орундуу мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 218 миллион сомду түзөт.

Мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабуу иштерине даярдалды.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат эки блоктон турат. Жалпы аянты 2703 чарчы метрди түзөт. Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Атап айтканда, негизги предметтик окуу класстары, компьютердик класс, лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, ошондой эле жыйындар залы каралган.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан текшерилип, курулуштун сапаты ар бир этапта көзөмөлдөнүүдө.