Сузак районунда реконструкцияланган эс алуу багы жана кинотеатр пайдаланууга берилди
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
17 ноябрь

Сузак районунда реконструкцияланган эс алуу багы жана кинотеатр пайдаланууга берилди

Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Октябрь айылында 16-ноябрда реконструкциядан өткөн Тукубай Тайгараев атындагы эс алуу багы жана 196 орундуу жаңы кинотеатр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Текебаев жаңы объектилердин ачылышы, айыл тургундарынын маданий эс алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле аймактарды өнүктүрүүдө социалдык инфраструктураны жаңылоо жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Жалпы аянты 1,5 гектарды түзгөн эс алуу багын реконструкциялоого Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 31 млн 882 миң сом, ал эми 196 орундуу кинотеатрдын курулушуна 33 млн 314 миң сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, долбоорлорду ишке ашырууга Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 26 млн сом акча каражаты ажыратылган.