Сүрөт ачык булактардан алынды
17 ноябрь
Кыргызстанда банктардын активдери 1,4 трлн сомдон ашты
2026-жылдын 30-сентябрына карата абал боюнча Кыргызстандын аймагында 26 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 308 филиалы иштеп турган.
КР Улуттук банктан кабарлашкандай, алты коммерциялык банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана/же чет өлкө валюталарында кызматтарды сунуштаган.
Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 17,7% өсүү менен 1 425,0 млрд сомду түзгөн.
Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү жыл башынан 29,9% өсүү менен 658,7 млрд сомду түздү.
Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башынан 5,3% өсүү менен 912,3 млрд сомду түзгөн.
Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү жыл башынан бери 64,2% өсүү менен, 31,6 млрд сомду түзгөн.
