Кыргыз киносуна 85 жыл толду
Сүрөт ачык булактардан алынды
17 ноябрь

Кыргыз киносуна 85 жыл толду

2026-жылдын 17-ноябрында кыргыз улуттук кинематографиясынын түптөлгөнүнө 85 жыл толду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

1941-жылдын 17-ноябрында башат алган кыргыз киносу сексен беш жылдык тарыхый жолунда улуттук маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгүнө, элибиздин тарыхын, руханий дүйнөсүн, улуттук мүнөзүн жана жалпы адамзаттык асыл баалуулуктарды чагылдырган улуу искусствого айланды.

Кыргыз кинематографиясынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген легендарлуу «Кыргыз керемети» доору улуттук кино өнөрүбүздү дүйнөлүк деңгээлге көтөрдү.

Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Альгимантас Видугирис сыяктуу залкар режиссёрлор кыргыз киносунун кайталангыс көркөм тилин калыптандырып, дүйнөлүк кинематографиянын тарыхында өчпөс из калтырышты.

«Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Кызыл алма», «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек» сыяктуу көркөм тасмалар улуттук кино өнөрүнүн алтын фондун түздү.

Бул чыгармалардагы Дүйшөндүн, Алтынайдын, Толгонайдын, Бектурдун, Уркуянын жана Ак кемени эңсеген баланын образдары аркылуу кыргыз элинин тагдыры, кайратмандыгы, адилеттикке, эркиндикке жана адамгерчиликке болгон умтулуусу терең көркөм чагылдырылды.

Сүймөнкул Чокморов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу залкар актёрлор жараткан кайталангыс образдар улуттук кино өнөрүнүн көркөм бийиктигин аныктап, кыргыз маданиятынын баа жеткис мурасына айланды.

Кыргыз кинематографиясынын өнүгүшүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар өзгөчө орунду ээлейт. Алар улуттук адабият менен кино искусствосунун ажырагыс байланышын бекемдеп, кыргыз элинин руханий дүйнөсүн эл аралык деңгээлде таанытты.

Кыргыз киносу — бул жөн гана экрандагы көркөм чыгармалар эмес. Бул — улуттун тарыхый эс тутуму, элдин тагдыры, руханий баалуулуктары жана улуттук аң-сезими чагылдырылган улуу маданий мурас.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги астында улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө, ата мекендик кино өндүрүшүн колдоого, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жана жаш кинематографисттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Кыргыз киносунун бай тарыхын жана залкар инсандардын чыгармачылык мурасын сактоо, муундар ортосундагы уланмалуулукту камсыз кылуу, улуттук кино индустриясын өнүктүрүү жана дүйнөлүк кино мейкиндигиндеги ордун бекемдөө мамлекеттик маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Кыргыз киносунун 85 жылдык мааракеси — анын даңктуу тарыхына, улуттук кинематографиянын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө өмүрүн арнаган залкар инсандарга, чыгармачыл муундардын эмгегине таазим кылуучу тарыхый учур.

Алардын таланты, кесипкөйлүгү, чыгармачылык эрдиги жана өз ишине болгон берилгендиги бүгүнкү кыргыз киносунун өнүгүшүнө бекем пайдубал түздү.

Бүгүн кыргыз кинематографиясы улуттук жүзүн, бай көркөм салттарын жана руханий өзөгүн сактоо менен жаңы чыгармачылык бийиктиктерге умтулуп, заманбап темаларды чагылдырып, Кыргызстанды дүйнөлүк маданий мейкиндикте татыктуу таанытууну улантууда.