Ошто тойдо тапанча көтөрүп жүргөндөр милицияга жеткирилди
Ош ОИИБ
17 ноябрь

Ошто тойдо тапанча көтөрүп жүргөндөр милицияга жеткирилди

Ошто тойдо тапанча көтөрүр жүргөндөр милицияга жеткирилди. 

Облустук милициянын билдирүүсүнө караганда, Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда тойдо белгисиз жарандардын биринин тапанча көтөрүп жүргөндүгү маалым болгон.

Бул факты Ош ОИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында аталган жарандар 2005-жылы туулган Ж.С. жана 2004-жылы туулган Г.А. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Алар суракка алынып, алынган ок атуучу куралга тиешелүү экспертиза дайындалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган тапанча конструкциялык жактан чыныгы Макаров тапанчасына окшош болуп, кыйратуучу таасири чектелген, найсыз ок атуучу курал болушу мүмкүн экендиги белгилүү болгон.

Учурда жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тапанчанын кайдан алынгандыгы боюнча текшерүү иштери улантылууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.