Бишкектеги Исакеев көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктады
Бишкек мэриясы
17 ноябрь

Бишкектеги Исакеев көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктады

Бишкек шаарындагы Исакеев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу жана оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Мэриядан кабарлашкандай, жаңыланган жол тилкесинин узундугу 1 100 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында жолдун бир тарабына ирригациялык тармак курулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды.

Жол куруу жана оңдоо иштери «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.