Улуттук тарых музейинде лейлектик уздардын колунан жаралган килемдердин көргөзмөсү ачылды
Маданият министрлиги
17 ноябрь

Улуттук тарых музейинде лейлектик уздардын колунан жаралган килемдердин көргөзмөсү ачылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде 16-ноябрда Ош облусунун Лейлек районундагы уз-чеберлердин эмгектерин даңазалаган «Лейлектин килемдери» көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу музейден билдиришти.

Лейлек району — килем токуу өнөрү кылымдар бою муундан муунга өтүп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген аймактардын бири. Жергиликтүү уздар койдун кылчык жүнүнөн килем токуп, өзүнө гана таандык оймо-чиймелери жана токуу ыкмалары менен айырмаланган буюмдарды жаратып келишет.

Көргөзмөгө лейлектик уздардын колунан жаралган 40тан ашуун килем коюлду. Алар «түк», «араби» жана «панбаркыт» түрлөрүн камтыйт.

Мындан тышкары, ар кандай өлчөмдөгү килемдер, декоративдик паннолор, сувенирлер жана күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдар көрүүчүлөргө сунушталды.

Көргөзмөнүн алкагында килем токуу боюнча мастер-класс өткөрүлүп, келген конокторго экспонаттарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Иш-чара кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүк мурастарын сактоо, жайылтуу, уз-чеберлердин эмгегин даңазалоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында уюштурулду.

Көргөзмө 2026-жылдын 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде уланат.