Сүрөт ачык булактардан алынды
17 ноябрь
Новопавловкада 19-ноябрда он саатка ичүүчү суу жок болот
Новопавловкада 19-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу жок болот, деп кабарлайт Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Ворошилов – Абакан – Крупская – Степная – Северная – Усупбаев – Көк-Кыя көчөлөрү.
Суу берүү №118 мектеп-гимназиясынын жаңы имаратындагы диаметри 100 мм болгон түтүктө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
