Ашуулардагы абал: аба ырайы ачык, каттам бар
Иллюстрациялык сүрөт
17 ноябрь

Ашуулардагы абал: аба ырайы ачык, каттам бар

Бүгүн, 17-ноябрда, Өтмөк ашуусунда аба ырайы ачык, унаа жолдо каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай,№36 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолдун коопсуздугун камсыздоо жана тейлөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Кышкы даярдыктын алкагында жол тейлөө иштерине атайын техникалар тартылып, 3500 литр дизель майы, 7000 тонна кум жана 300–400 тонна туз даярдалган. Учурда нөөмөт уюштурулуп, ашуудагы абал туруктуу көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон ашууларында да аба ырайы ачык болуп, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Транспорт министрлиги тоолуу аймактарда аба ырайы тез өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертет. Андыктан айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин так сактап, унаалардын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу жана жолго чыгарда аба ырайы тууралуу маалыматтарды эске алууга чакырат.