Монголиянын президенти отставкага кетерин жарыялады
Сүрөт ачык булактардан алынды
17 ноябрь

Монголиянын президенти отставкага кетерин жарыялады

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 2026-жылдын 17-ноябрында кызматынан кетүү ниетин расмий билдирди. Мындай чечим парламенттеги оппозиция өкүлдөрү аны коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп айыптагандан кийин кабыл алынды.

Саясий кризиске Улуу мамлекеттик хуралдагы (парламент) Демократиялык партиянын фракциясынын билдирүүсү себеп болгон. Оппозициялык депутаттар Хүрэлсүхтү ири мамлекеттик темир жол долбоорун ишке ашырууда мыйзамсыз каржылык пайда алган деп айыптап, калыс иликтөө жүргүзүү үчүн кызматтан кетишин талап кылышкан.

Өз кайрылуусунда Ухнаагийн Хурэлсух өзүнө карата айтылган уурдоо жана жалган маалымат таратуу боюнча айыптоолорду кескин четке какты. Ал бийликке жармашып отурбай турганын, тергөө органдары менен ачык кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Ошондой эле ар-намысын жана ишкердик беделин коргоо үчүн сотко кайрыларын билдирди.