видеодон алынган кадр
17 ноябрь
Ак-Сайда кулжанын союлган башын жана мүйүзүн атка байлап алгандар аныкталды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кезектеги рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылыкка байланыштуу факты аныкталды.
Тактап айтканда, Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Беш бала участогунда рейд жүргүзүү учурунда Ат-Башы районунун тургуну Б. уулу Б. жанында Э. у. Ы. аттуу жаран менен бирге уруксат берүүчү документтери жок, бир баш кулжанын союлган башын жана мүйүзүн атка байлап алып бара жаткан жеринен кармалды.
Аталган факты боюнча жеринде тиешелүү акт түзүлүп, окуянын жагдайларын аныктоо жана андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн материалдар Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
